• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаардык жигит Ысык-Көлдөн Бишкекке өзүнөн улуу кызды ала качып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунан Бишкекке кызды ала качууга шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2-апрелде болжол менен саат 23:40тар чамасында “102” кызматына кыз ала качуу боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 25 жаштагы Ж.Д. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш адамдар арыз ээсин Ысык-Көлдөн Бишкекке никеге туруу максатында ала качып келген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 22 жаштагы Б.К. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлдү.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий