• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаардыктар Кемероводогу өрттөн каза болгондорду эскерип акция өткөрүштү

Коом 0


Бишкек, 29.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Күн мурун 28-мартта Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору Кемероводогу “Зимняя вишня” оюн-зоок соода борборундагы өрттөн каза болгондордун элесин эскерип, асманга чоң шарларды учурушту.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда өрт чыккан. Расмий маалыматтар боюнча кеминде 64 адам каза болду, алардын арасында 41и балдар.

Кылмыш иши козголуп, бир нече шектүүлөр колго түштү, алардын арасында соода борбору менен иштеген фирманын директору жана болжол менен өрт башталган жердин ижарачысы бар.

Пикир

Оставить комментарий