• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте шаардыктар бекер стоматологиялык текшерүүдөн өтө алышат

Ден соолук 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында "Бекем тиштер" айлыгы өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери менен бирге уюштурду.

"Иш-чаранын максаты бекер тиш дарылоо, аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга медициналык жардам көрсөтүү, майыптыгы бар балдарды активдүү коомдук жашоого интеграциялоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, акция карылардын жана майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Акция медициналык колдоо КММАнын терапия жана стоматология факультетинин студенттери тарабынан ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн, анын ичинде 34 бала стоматологиялык дарылоодон өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий