• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаардыктардын сууга болгон карызы 152 млн сомдон ашты - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Карантин башталгандан бери «Бишкексууканал» ишканасы сууну токтотпостон, шаарды ичүүчү суу менен камсыз кылып келди.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, сентябрь айына карата «Бишкексууканал» башкармалыгына дебитордук карыз 152 миллион 696 миң 995,92 сомду түздү. Анын ичинен 5 млн бюджеттик мекемелер, 90 миллиондон ашык шаардыктар карыз.

«Эң олуттуу карыз - болжол менен 57 миллион сом - Сокулук жана Аламүдүн райондорунун ишкерлерине жана айыл аймактарына таандык», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы карыздарды төлөөнү өтүнөт. «Төлөбөгөндөргө ичүүчү суу берүүнү токтотууга мажбурбуз», - деп баса белгилешти муниципалитеттен.

Карыздарды үйдөн чыкпастан, «Элсом», «Мега24», «О! Деньги» тиркемелери жана башка мобильдик тиркемелер, терминалдар аркылуу төлөсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий