• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Шаардын борбордук көчөсүндө автоунаа бакты сүзүп, бир киши комага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-мартта шаардагы Чүй жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 03:00дөр чамасында "Киа" үлгүсүндөгү унаа бакты сүзгөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсыктан 3 адам жабыркап, алардын бирөөсү комага түшкөн.

Унаа айып короого киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий