• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шаардын борборундагы Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат

Коом 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. 2017-жылы Бишкек шаарынын Чүй жана Тыныстанов көчөсүндө орнотулган ССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, "Сүймөнкул Чокморов" атындагы коомдук фонд мурда орнотулган эстеликти алуу ишине киришкен. Иш 20-октябрь күнү башталып, 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүнө карата аяктайт.

Мурда орнотулган эстелик скульптор Алмаз Кожогелдиевдин эмгеги болгон. Ал эстеликке карата бир катар сын айтылгандыктан, аны алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Ал эми жаңы жасалган эстеликти Азамат Абдрахманов (скульптор) жана Нурсейин Мамбетказиевдер (архитектор) жасаган.

Белгилей кетсек, бул жылы Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий