• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда – Бишкек мэриясы

Коом 0

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы тышкы жарык тармактарын куруу иштерин улантууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул тапта «Ак-Тилек 2» конушундагы Арычная жана Коллектив көчөлөрүнүн жээгине темир бетон жана темир түркүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат. Учурда19 түркүк орнотулуп, ишкананын цехинде бетон негиздери жана торшердик түркүктѳр жасалууда.

Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери Дэн Сяопин көчөсүнүн велосипед жолун Фучик кѳчѳсүнѳн Пишпек кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ жарыктандыруу иштерин жүргүзүүүдө. Түнкүсүн велосипед сүйүүчүлөрү үчүн жакшы жарык чыгаруучу лампаларды жана хай-тек үлгүсүндѳгү торшердик түркүктѳрдү орнотулууда.

Ошондой эле биз Лев Толстой кѳчѳсү жана Манас проспектиси, Пишпек жана 7-апрель кѳчѳлѳрү, Тоголок Молдо жана Москва кѳчѳлѳрү кесилишкен жерлердеги жер алдынан ѳтүүчү ѳтмѳктѳрдүн тышкы жарыктандыруусун алмаштыруу жана ревизиялоо иштерин жүргүзүп, вандалга каршы тор менен 8 прожектор орнотулду.

“Биринчи май районунун Раззаков кѳчѳсүндѳ Чуйков кѳчѳсүнѳн Түгѳлбай-Ата кѳчѳсүнѳ чейин темир торшердик түркүк менен 8 бетон негизи орнотулуп, 160 метр электр чубалгылары тартылды. Раззаков кѳчѳсү Токтогул кѳчѳсүнѳн Чуйков кѳчѳсүнѳ чейин 21 бетон негизи орнотулуп, иштер улантылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий