• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаарга 650 млн сомго газ менен жүргөн 100 автобус алынат

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Бишкек жүргүнчүлөр ишканасы газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча сынак жарыялады.

Бишкек шаардык мэриясынын билдиргени боюнча, автобустарды сатып алууга 650 млн сом каралган.

№1 лот — 351 млн сомго 46 автобус;

№2 лот — 299 млн сомго 54 автобус.

"Автобустар 2020-жылы чыккан болушу керек. Автобуска жалпы 70 киши батып, кеминде 26 отуруучу орун болушу шарт", - деп айтылат маалыматта.

Анын менен бирге "Коомдук унааларды электрондук билетке өткөрүү" долбоору боюнча орнотула турган валидаторлор үчүн орун болушу керек. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жана автобустун ичинде алар үчүн орун болушу абзел.

Арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат. Тендерди уткан компания автобустарды келишим түзүлгөн күндөн кийин 140 күн ичинде алып келиши кажет.

Пикир

Оставить комментарий