• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шабданбаев Мария Коробицкаяны Олимпиада оюндарына жолдомо алышы менен куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жөө күлүктөр Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, Шабданбаев Ташкент эл аралык марафонунда кыз-келиндер арасында алтын медаль уткан Мария Коробицкаяны жана күмүш медалга ээ болгон Илья Тяпкинди куттуктады.

"Акыркы жылдары жеңил атлетика боюнча биздин курама командабыз бийик жетишкендиктерди көрсөтүп жатат. Мына бүгүн Мария Кыргызстан үчүн XXXII Олимпиада оюндарына лицензия алып келдиңиз. Биз алдыдагы мелдештерде ийгилик жаратып, Олимпиадада өлкөнүн намысын сыймык менен коргой алабыз деп ишенем. Ал үчүн биз максималдуу аракет кылып, тартипти бекем сактап, өзүбүзгө ишенимди бийик коюшубуз керек. Сиздерге ийгиликтерди, чың ден соолук каалайм. Бул медалдар кийинки жеңиштердин жакшы башаты болсун", – деди Шабданбаев.

Өз кезегинде, спортчулар ведомствонун директоруна жылуу кабыл алуусу жана каалоолору үчүн ыраазычылык билдиришти.

"Коронавирус пандемиясына карабастан жыл ичинде тырышып, машыгып келдик. Кийинки жылга көптөгөн пландар бар, марафонду дагы чуркап өтүп, өлкөнүн рекордун жаңылаганды каалайт элем. Азыркы учурда бул мен үчүн маанилүү милдеттердин бири. Албетте, Олимпиадага даярдык биринчи орунда. Эпидемиологиялык абал жакшырып, окуу-машыгуу жыйындар өз учурунда өтүп тураарына үмүтүбүз чоң", – деп белгиледи Коробицкая.

Пикир

Оставить комментарий