Шабданбаев спорт боюнча аймактардын жетекчилери менен онлайн режиминде чогулуш өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 30-октябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыктарынын жетекчилери үчүн онлайн режиминде чогулуш өткөрдү.

Аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, онлайн чогулушка өлкөдөгү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Чогулуштун жүрүшүндө аймактардагы спорттук мектептердин окуучуларын аралыктан окутуу жана өз алдынча машыгуу маселеси талкууланды. Электрондук документ жүргүзүү тутумун киргизүү жана кыш мезгилине даярдык боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Канат Шабданбаев ведомствонун директору катары өзүнүн алдыдагы максаттары менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий