• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.22./Кабар/. Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 24-октябрда кол койду.

Маалымат:

Шабданбек Алишев 1980-жылдын 3-октябрында туулган. Жогорку билимдүү.

2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой эле “Оймо” жаштар креативдик студиясы” коомдук уюмунун директорунун орун басары болуп иштеген;

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн референти;

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;

2011-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген;

2022-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий