• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шадиев: КР Өкмөтү Бангладеш менен текстиль тармагында кызматташууга кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладеш Улуттук Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Масуд Маннан менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан соода-экономикалык жаатта Бангладеш менен эки тараптык кызматташууну өнүктүрөөрүн белгиледи.

«Жеңил өнөр жай биздин өлкөдө улуттук экономикадагы келечеги кенен тармактарынын бири болуп саналат. Ушуну эске алуу менен биз тигүүчү өндүрүштү өстүрүүгө жана даярдалган продукциянын жаңы өтүш рынокторун ачууга кызыктарбыз. Аны менен катар өздөрүнүн алдыңкы технологиялары жана жабдуулары бар Бангладештеги бизнесмендерди тартууга ниетибиз бар. Биз өз кезегинде инвестициялардын толук корголушун камсыз кылып, бизнести өнүктүрүү үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүгө даярбыз», – деди Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштар менен алмашуу максатында, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында тийиштүү келишим-укуктук базаны түзүү үчүн кыргыз делегациясы Бангладешке барууга даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Элчи Масуд Маннан кыргыз тараптын демилгесин колдоп, эки өлкө ортосундагы ишкердик мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

«Кыргыз Республикасында инвестициялоо жана биргелешкен бизнести түзүү үчүн тийиштүү бүтүндөй база түзүлгөн. Биз ошондой эле бардык деңгээлде эки тараптык мамилелерди өнүктүүүгө жана бекемдөөгө кызыктарбыз», – деп ишендирди Масуд Маннан.

Маалымат иретинде: Бангладештин текстилдик өнөр жайы – чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө экинчи турат, Кытайдан кийин. 18 млрд АКШ доллардагы кездемелердин жана пахта, жүндөн жасалган кийимдердин экспорту өлкөнүн тышкы соодадан түшкөн жылдык кирешесинин 80% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий