• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шадиевдин иши боюнча сотко күбөлөр келген жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кенештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевдин иши сотто каралмак.

Бирок күбөлөр келбегендиктен сот отуруму болбой калды.

Сот отуруму башталганга чейин эле прокурор күбөлөргө сот туураалуу кабарландырылганын, бирок жолдун узактыгынан улам алар келүүдөн баш тартканын айткан.

Мындан улам сот күбөлөрдү күч менен алып келүү боюнча чечим чыгарды.

Эске сала кетсек, Шадиев 31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган. Ал комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров камакка алынган.

Кийинчерээк УКМКдан билдиришкендей, Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жана ага карата Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган кылмыш иши боюнча бардык материалдар Биринчи май райондук сотуна үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий