• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шадыханов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Эмил Шадыханов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Эмил Шадыханов 1969-жылдын 14-сентябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Билими:

1987-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университети, Физика адистиги боюнча инженер-физик;
1996-1999-ж.ж Түркиянын Стамбул университетинде Эл аралык мамилелер боюнча магистр академиялык даражасы;
1999-2005-ж.ж Стамбул университети, “Эл аралык мамилелер” боюнча докторлук илимий даражасы;

Эмгек тажрыйбасы:

Германияда аскердик милдетин өтөгөн.
1990-1992-жылдары ИИМдин 1-май күзөт бөлүмүнүн кызматкери;
1993-1994-жылдары “Кристал” ААКнын мастер-инженери;
1997-2005-жылдары КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Түркиядагы (Стамбул округу боюнча) өкүлү;
2000-2005-жылдары Стамбул университетинин илимий кызматкери;
2005-2010-жылдары “Er Komur Pazarlama, Madencilik, Turizm ve Tikaret A.S” компаниясынын инвестиция боюнча жетекчиси;
2010-2013-жылдары Кемерово шаарындагы “Сибоптпрофи” ЖЧКнын башкы директору;
2013-2016-жылдары “Филиз” ЖЧКнын башкы директору;
2016-2017-жылдары КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы;
2017-жылы 3 ай Ош шаардык жашылдандыруу жана чарба комбинатынын башчысынын орун басары;
2017-2019-жылдары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн сектор башчысы;
2019-жылдан ушул күнгө чейин Ош шаарынын мэринин кеңешчиси.

Бир канча сыйлыктар менен сыйланган. КРнын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы инспектору.

Пикир

Оставить комментарий