• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шадыханов Саламаттык сактоо министрлигине келип түшкөн гумжардамдар туурасында айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов брифингде министрликке келип түшкөн гумжардамдар туурасында айтып берди.

Анын айтымында, келген гумжардамдын облустарга бөлүштүрүлүшү тууралуу кененирээк маалыматты www.med.kg сайтына жарыяланган.

“Чет жактан жасалма дем алдыруучу 149 аппарат, кычкылтек концентраторунан 322, пульсоксиметрден 225, байланыш термометрден 3 миң 353, портативдик тепловизордон 86, коргоочу комбинезондон 138 миң 403, экспресс-тесттен 146 миң, ПЧР тесттинин топтомунан 20 миң, респиратордон 293 миң 92, беткаптан 1 млн, колкаптан 850 миң 132, антисептиктен 54 миң 813 литр, бахилден 208 миң 99 даана, 95%дык спирттен (1000 мл) 19 миң 998, коргоочу көз айнектен 52 миң 171, халаттан 65 миң 624, коронавирусту аныктоочу топтомдор 22 миң 681, дезинфекциялоочу каражаттардан 2 миң 215 литр, оорукана керебетинен 400, керебеттин жанына коюлучу монитордон 10, шейшеп комплектилеринен 990, жасалма дем алдыруучу аппаратынын шаймандарынан 20, бетке арналган калканчадан 53 миң 73, дары каражаттарынан 13 миң 286 даана келип түштү”, - дейт ал.

Шадыханов маалымдагандай, 14-июлга карата Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан 46 миң 200 даана бет калканча, 14 миң 600 коргоочу көз айнек, 57 миң бир жолу колдонуучу халат, 150 миң респиратор келген.

Пикир

Оставить комментарий