• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлдабекова:“Биз президенттике талапкерлердин арасында чыныгы атаандаштык шарттарын түзүп бердик”

Саясат 0

Бишкек, 15-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Биз президенттике талапкерлердин арасында татыктуу атаандаштыкты түзүп бере алдык”,- деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйында.

Анын айтымында, 14-июнда ЖК президенттик шайлоону өткөрүү күнүн 15-октябрга белгилөө чечимин кабыл алды. Ошентип Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. БШК кечээ шайлоону өткөрүү жана уюштуруу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды.

БШК төрайымы шайлоо таза жана ачык өтүшү үчүн бардык чаралар көрүлөт деп ишендирди.

“Ошондой эле, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп берилет. Эч кандай бурмалоолорго жол берилбейт. Мындан тышкары мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн бардык аракеттер көрүлөт”,- деди ал.

“Бүгүнкү күндө ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө бизде бардык шарттар бар”, - деди Шайлдабекова.

Пикир

Оставить комментарий