• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлдабекова: Добуш берүү учурунда санитардык нормалар толук сакталат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) добуш берүү учурунда санитардык нормлар толук сакталат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, добуш берүүчү имараттар дезинфекцияланып, толугу менен шайлоого карата даярдалган.

"Бүгүн добуш берүү учурунда да имараттар нөөмөтү менен дезинфекцияланып турат. Участоктордо эпидемиялык коопсуздукту камсыздоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бекитилген алгоритм ишке ашырылат. Ага ылайык, санитардык аралык, дезинфекциялоочу каражаттар болот. Шайлоочулардын бардыгына жеке коргонуучу каражаттар таратылат", - деди ал.

Шайлдабекова кошумчалагандай, участокко кире бериште ар бир шайлоочунун дене табы текшерилет.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий