• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо-2020. 1 млн 594,8 миң шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, саат 18:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 45,26%ын түзөт.

"Бишкек 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында - 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда - 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда - 117 миң 450, Нарын облусунда - 79 миң 939, Ош облусунда - 317 миң 927, Баткен облусунда - 115 миң 358, Талас облусунда - 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген.

Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий