• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо-2020. Азыркы убакытка чейин одоно мыйзам бузуу фактысы катталган жок - Мадумаров

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Азыркы убакытка чейин одоно мыйзам бузуу фактысы катталган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, айрым шайлоо тилкелеринде техникалык мүчүлүштүктөр болду. "Алар калыбына келтирилди", - дейт ал.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев белгилегендей, коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык кызматкер камсыздоодо.

"Ошондой эле 900дөн ашык кызматкер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо. Шайлоо өткөрүүгө 700 миңден ашык элдик кошуундар тартылган. Тартылган күч органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүндө 10 ыкчам штаб түзүлдү. Шайлоо мыйзамдарын бузуу учурларына ыкчам чара көрүү боюнча 269 документтештирүү тобу түзүлдү . Бири-бирине жакын жайгашкан 10 шайлоо участокторуна бирден бекитилди", - дейт ал.

Орозалиев 3-октябрга карата шайлоого байланышкан 129 кылмыш, 90 жорук катталганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий