• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо-2020: Баткен облусунда көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облуста ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 1 351 жаран бүгүн. 3-октябрда көчмө урна аркылуу добуш берүүдө.

"Баткен облусунун аймагында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна даярдыктар өз нугунда. Пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган. Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284 миң 265 шайлоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий