• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо-2020: Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда - 59, Свердлов районунда - 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган.

Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий