• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шайлоо-2020: Үч жаран №2 форма боюнча шайлоо дарегин 22 жолу алмаштырган

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Парламенттик шайлоого карата шайлоо тилкесин алмаштыруу үчүн үч жаран №2 форма боюнча 22 жолудан арыз берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, №2 форма боюнча шайлоо дарегин алмаштыруу практикасы алгач ирет 2015-жылы колдонулган. Быйыл №2 форма боюнча 496 миң 239 арыз келип түшкөн.

"Ошол эле учурда 42 миң 386 жаран №2 форма боюнча эки же андан ашык жолу арыз калтырган. Алардын ичинен 32 миң 504 киши эки жолудан, 5 миң 810 жаран үч жолудан, 1 миң 967 адам төрт жолудан, 872 жаран беш жолудан (ж.б.) арыз берген. 3 адам форма 2 боюнча 22 жолудан арыз берген. Кайталанып берилген арыздар эсептен алынгандан кийин, шайлоо дарегин алмаштырган жарандардын так саны аныкталып, 441 миң 10 миңди түздү", - деди ал.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жекшемби, 4-октябрь күнү болуп өтөт. Ага 16 партия катышууда.

Пикир

Оставить комментарий