• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо-2020. Чет мамлекеттерде 44 шайлоо тилкеси ачылды - Боронов

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Алдыдагы парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 шайлоо тилкеси ачылды.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 464 шайлоо тилкеси даярдалып, анын 44ү өлкө тышында ачылган.

"Чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерде биометрикалык маалыматтарды чогултууну активдештирүү үчүн Тышкы иштер министрлигине биометрикалык маалыматтарды чогултуучу 11 жабдык берилди", - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий