• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020: Эл аралык дагы 14 байкоочу катталды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйынында 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 14 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, БШК буга чейин эл аралык 25 байкоочуну каттоодон өткөргөн.

Ирет №

Күб.№

Байкоочу өкүлү болгон эл аралык уюм

Ф.А.А.

Өлкө

Ээлеген кызмат орду

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Постивый Сергей Александрович

Украина

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

Украинанын БШКсы

Шараг Екатерина Дмитриевна

Украина

Украинанын БШКсынын катчылыгынын жетекчилиги

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Харази

Саид

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Ростамиян

Таги

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи кеңешчиси

Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгү

Хайне Ронни Дирк

Германия Федеративдүү Республикасы

Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)

Покраяц

Саша

Сербия Республикасы

ЕККУнун ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын координатору

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)

Ханжин

Андрей

Сергеевич

Россия Федерациясы

ДИАУБдун Миссиясынын улуттук азчылык маселелери боюнча эксперти

Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Карстенс

Андрэ

Нидерланд Королдугу

Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчиси

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү

Левовски

Рената Василевна

Молдова Республикасы

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору

Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү

Хонг Ын Хе

Корея Республикасы

Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Сироткин Сергей Никанорович

Россия Федерациясы

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Абдусаломов Мирза –Улугбек Элчиевич

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Алимов Шерзод Батырович

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын БШКсынын МКТ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги

Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Френкель Галина

Израиль

Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-октябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий