• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо-2020: Мадумаров Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Баткен облусундагы даярдыктын жүрүшү менен таанышты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Вице-премьер-министр иш сапардын алкагында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларына барды.

Андан соң Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоонун, облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акрам Мадумаров ошондой эле Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий