• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо-2020. Мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды

Шайлоо 2020 0


Бишкек, 28.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Алдыдагы шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юрист Тариэль Аалиев билдирди.

Анын айтымында, "Жалпы иш" коомдук фонду алдыдагы шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат.

"Бишкектеги кызматкерлерден сырткары аймактарга 116 узак мөөнөттүү байкоочуну жөнөттүк. Жакында 300 байкоочуну да жиберебиз. Биздин байкообуз боюнча БШК партияларга онлайн түрдө съезд өткөрүүгө сунуш киргизгенине карабастан мурункудай эле салттуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. БШК тарабынан адамдардын саны боюнча, өткөрүү боюнча чектөө коюлгандыктан биз түз барып съезддерге байкоо жүргүзө алган жокпуз", - дейт ал.

Аалиев №2 формасы боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактыларына байланыштуу бардык облустун прокуратураларына арыз менен кайрылганын айтат.

"Азырынча жооп бере элек. "Жалпы иш" коомдук фондуна 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Алар добуш сатып алуу, администрациялык ресурсту колдонуу, №2 формасы жана үгүт иштеринде кетирген катачылыктар боюнча кайрылуулар", - деди юрист.

Пикир

Оставить комментарий