• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо-2020: Россия техникалык жактан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова менен жолукту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүү, ошондой эле 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда өтчү парламенттик шайлоо талкууланган.

Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана добуш берүүгө катышуу маселеси өзгөчө талкууланды.

"Элчи Жекшенкулов РФнын БШК төрайымын 2020-жылдын 13-сентябрында РФнын Бирдиктүү добуш берүү күнүн ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана Россия Федерациясынын БШКнын байкоочуларын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого жөнөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Россиянын 10 шаарында Кыргыз Республикасынын 11 шайлоо участкаларын түздү. Москва шаарында кыргызстандыктардын көп экендигин эске алуу менен биринчи жолу элчиликтин алдындагы 2 шайлоо участкалары бир мезгилде ачылат. Ошондой эле ушул жылы Сургут, Иркутск, Якутск жана Южно-Сахалинск шаарларында биринчи жолу шайлоо участкалары ачылды.

"Жекшенкулов учурдагы шайлоо алдындагы даярдык Россиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкаларында добуш берүү ниетин билдирип кайрылган жарандардын өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланарын айтты. Бүгүнкү күндө Москва шаарында шайлоочулардын тизмесинде 6 миңден ашуун КРнын жарандары бар", - деп кабарлашты элчиликтен.

РФ БШКнын төрайымы Элла Памфилова Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын жигердүү өз ара аракеттенүүсүн баса белгиледи.

Парламенттик шайлоого орусиял ык байкоочулардын катышуусуна кызыгуу билдирди.

Памфилова Россия тарап Кыргызстанда шайлоо өткөрүү үчүн шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон техникалык жардамды берүүгө даяр деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий