• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо-2020. "Учкун" ишканасы БШКга шайлоо бюллетендерин өткөрүп берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кечээ, 24-сентябрь күнү "Учкун" акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендерди БШКга өткөрүп берди.

"Учкун" ишканасы 3 млн 523 миң 532 шайлоо бюллетенин даярдаган.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайль шрифти менен 5 миң 928 бюллетень, участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн протоколдор даярдалган.

Автоматтык эсептөө кутулары окуй алышы үчүн бюллетендерге атайын коргоочу боек түшүрүлгөн.

Даяр бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Чет жердеги шайлоо тилкелерине 32 миң 580 бюллетень жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий