• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда добуш сатып алуу жана шайлоого тоскоолдук кылуу фактылары катталды - ИИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда добуш сатып алуу жана шайлоого тоскоолдук кылуу фактылары катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү шайлоонун жүрүшүндө (саат 14:00гө карата) жалпы 3 мыйзам бузуу катталды.

"Бишкек шаарында 1 факт жана Жалал-Абад облусунда 2 факт катталды. Бишкекте майда бейбаштык, ал эми Жалал-Абадда добуш сатып алуу жана шайлоого тоскоолдук кылуу фактылары. Алар боюнча алдыда кошумча маалымат берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий