• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо - 2021. Бишкек мэри шаардык кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына колдоо көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйынына катышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызаты билдиргендей, жыйындын алкагында 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында райондук администрациялардын башчыларына шайлоо округдарын генераторлор менен камсыздоо маселесин тез арада кароо тапшырмасы берилди.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына ар бир шайлоо участогундагы пандустарды курулуш нормаларына жана эрежелерине шайкештигин текшерип, жок же сакталбаган учурда майыптыгы бар жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү тапшырмасы берилди.

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгерине шайлоо тилкелериндеги санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана эрежелердин сакталышын белгиленген тартипте текшерүү милдеттендирилди, кемчиликтер аныкталган учурда райондук акимчиликтер аларды жоюуга киришет.

“Жыйынтыгында шаар башчысы шаардык кызматтардын бардык кызматкерлерине шайлоо процессине кийлигишүүгө жол бербөө үчүн чектөөлөрдү так сактоону эскертти”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КРнын “КР жаранын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, КРнын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүүсү керек.

Жаран төмөнкү шилтемеден өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алат: https://tizme.gov.kg/view/public/.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын түз байланыш номери: 1255; 0 (312) 660240

Пикир

Оставить комментарий