• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо 2021. Чет өлкөлөрдө 6 сааттан бери 15 шайлоо тилкеде добуш берүү жүрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда саат 08:00дө жергеликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

“Чет өлкөлөрдө 6 сааттан бери 15 шайлоо тилкеде добуш берүү жүрүүдө. Ал эми Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Саат 8ден баштап 2 миң 435 шайлоо тилкеси ачылды. Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары бүтө электигине байланыштуу 4 шаардык жана 32 айылдык кеңешке депутаттар шайланбайт. 162 шайлоо тилкесинде референдумга гана добуш берүү жүрөт”, - дейт ал.

Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилгенин айтат.

“Учурда 28 шаардык кеңешке 796 орун болсо, 59 партиядан 11 миң 782 жаран талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал эми 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 орун болсо, 18 миң 772 жаран талапкерлигин койду”, - деди ал.

БШКнын төрайымы белгилегендей, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге жана референдумга добуш берүү саат 20:00гө чейин жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий