• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо-2021. Дагы эки талапкер президенттик жарыштан чыгышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Турсунбай Бакир уулу жана Арсланбек Малиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, документтерин чакыртып алды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Учурда президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 41 адам калды.

Үч талапкер Садыр Жапаров, Бабыржан Тольбаев жана Аймен Касенов кол топтоо баракчасын тапшырышты. Ал эми 14 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төктү.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий