• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шайлоо 2021. Ички иштер министрлиги бузуу боюнча 48 фактыны каттады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузган бузуу боюнча 48 факты катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен кылмыштардын саны 8, жоруктардын 10 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Калган бардык катталган фактылар боюнча текшерүү иш-чаралары жүрүүдө.

"Жалпысынан белгилегенде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ болгонун жана алдыдагы шайлоону өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деӊгээлде камсыздоого даяр экендигин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий