• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шайлоо-2021. Коопсуздук кеңешинин жыйынында ИИМге бир катар тапшырмалар берилди

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Күн мурун өткөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюшкандыкта өткөрүү боюнча Ички иштер министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорк Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ИИМге төмөнкү милдеттерди аткарууга көңүл бурушу керектигин белгиледи: 2020-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө шайлоо процессинин бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү оперативдүү штаб түзүү;

БШК менен биргеликте шайлоо бюллетендерин шайлоо участкаларына жеткирүү жана аларды күнү-түнү кайтарууну камсыз кылуу жана коомдук коопсуздукту коргоо максатында төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу.

Аларга шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо жана сатып алууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу, анын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө чагылдыруу, трансулуттук, диний экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү, стратегиялык объектилерди жана башка инфратүзүмдөрдү кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.

"Жогоруда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына коюлган тапшырмалардын бардыгы ыкчам түрдө аткаруу багытында ИИМ максаттуу жана комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгып, аны жүзөөгө ашыруу багыттарын көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий