• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешине шайлоо процессин бузуу жөнүндө 80 кайрылуу түштү

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. “Таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн – өлкөнүн ар-намысы жана кадыр баркы үчүн” коомдук платформасына КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча 80 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлү Бахрам Ашымов билдирди.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлдөрү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында мыйзамдуулуктун сакталышына мониторинг жүргүзүшүүдө. Ошондой эле жарандар менен шайлоо процессиндеги коррупциялык учурлар: добуш сатуу, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Муну менен катар биз буга чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте “Таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн – өлкөнүн ар-намысы жана кадыр баркы үчүн” платформасын ишке киргизгенбиз, анда жарандар шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча билдире алышат. Ошентип, бүгүнкү күндө жалпы 80 кайрылуу түштү, анын ичинен Бишкек шаардык аймактык өкүлчүлүгүнө – 18”, - деди ал.

Кайрылууларды аймактарга бөлгөндө:

- Ош – 6 айрылуу;

- Чүй облусунда – 12 айрылуу;

- Ош облусунда – 19 кайрылуу;

- Талас облусунда – 4 кайрылуу;

- Нарын облусунда – 3 кайрылуу;

- Ыссык-Көл обусунда – 8 кайрылуу;

- Жалал-Абад облусунда – 6 кайрылуу;

- Баткен облусунда – 1 кайрылуу.

Белгиленгендей, жалпысынан шайлоо өнөктүгү туруктуу өтүп жатат, анча чоң эмес бузуулар байкалууда.

Эскерте кетсек, Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши президенттин таза, ачык-айкын жана адилет шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү жана парламентте жүрүп жаткан люстрациянын алкагында коррупция маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн ишеним телефонун, Telegram каналын жана жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн “Таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн – өлкөнүн ар-намысы жана кадыр-баркы үчүн” сайтын ачкан.

Пикир

Оставить комментарий