• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо-2021. Кыргызстанда майыптыгы бар 15 миң 853 шайлоочу катталган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар 15 миң 753 шайлоочу катталган. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын майыптыгы бар адамдардын шайлоо укугун камсыздоо боюнча жумушчу тобунун башчысы Акбалык Жумалиева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин БШК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзгөн.

“Аларга маалымат жеткирүү үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 5 миң плакат, андан тышкары Брайл арибин колдонуу менен 5 миң маалымат брошюра чыгарылган”, - деди ал.

Мындан тышкары, Жумалиева бүгүнкү күндө 2 миң 80 шайлоо тилкесинде пандустар орнотулганын, бул жалпы шайлоо тилкелеринин 80%ын түзөрүн белгиледи.

“Ошондой эле, бардык шайлоо участкалары лупа, добуш берүү үчүн трафареттер жана Брайл арибиндеги добуш берүү инструкциясы сыяктуу атайын каражаттар менен жабдылган”, - деди А.Жумалиева.

Ага кошумча Жумалиева шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү тууралуу арыз берген майыптыгы бар 607 шайлоочу 27-ноябрда үйлөрүнөн добуш беришкенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий