• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо 2021. Саат 10:00гө карата референдумга 5% шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 10:00гө карата Конституция боюнча референдумга 181 миң 801 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 5,04%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте 13 миң 458, Ош шаарында 12 миң 65, Жалал-Абад облусунда 42 миң 576, Ысык-Көл облусунда 13 миң 661, Нарын облусунда 10 миң 383, Ош облусунда 42 миң 158, Талас облусунда 8 миң 409, Чүй облусунда 22 миң 426, Баткен облусунда 16 миң 292 жана чет өлкөлөрдө 373 жаран добуш берди.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 172 миң 139 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 5,19%ын түзөт. Шаардык кеңештерге 49 миң 889, айылдык кеңештерге 122 миң 250 шайлоочу тандоосун кылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий