• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо 2021. Саат 16:00гө карата 946 миңдей кыргызстандык тандоосун жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 16:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 946 миң 104 (26,55%), президенттик шайлоодо 947 миң 614 (26,59%) жаран добуш берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого аймактар боюнча алганда Бишкекте 105 миң 44, Ош шаарында 46 миң 203, Жалал-Абад облусунда 182 миң 194, Ысык-Көл облусунда 97 миң 279, Нарын облусунда 61 миң 164, Ош облусунда 193 миң 662, Талас облусунда 39 миң 447, Чүй облусунда 132 миң 491, Баткен облусунда 82 миң 746 жана чет өлкөлөрдө 7 миң 384 жаран добуш берди.

Ал эми референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 104 миң 499, Ош шаарында 46 миң 343, Жалал-Абад облусунда 182 миң 393, Ысык-Көл облусунда 97 миң 41, Нарын облусунда 60 миң 971, Ош облусунда 192 миң 918, Талас облусунда 39 миң 439, Чүй облусунда 132 миң 479, Баткен облусунда 82 миң 655 жана чет өлкөлөрдө 7 миң 366 жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий