• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саат 18:00гө карата шайлоо жана референдумга катышкандар тууралуу маалымат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 18:00гө карата Конституция боюнча референдумга 1 млн 61 миң 591 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, ал жалпы шайлоочулардын 29,44%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте 102 миң 258, Ош шаарында 58 миң 138, Жалал-Абад облусунда 218 миң 847, Ысык-Көл облусунда 90 миң 611, Нарын облусунда 70 миң 396, Ош облусунда 226 миң 553, Талас облусунда 55 миң 226, Чүй облусунда 153 миң 697, Баткен облусунда 83 миң 454 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 411 жаран добуш берди.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 1 млн 318 миң 130 жаран (30,89%) тандоосун жасады. Шаардык кеңештерге 303 миң 176, айылдык кеңештерге 721 миң 715 шайлоочу катышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий