• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо-2021. Саламаттык сактоо министрлиги иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги президентти шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, алгоритмге ылайык, аймактык шайлоо комиссиялардын кызматкерлери жана шайлоо күнү шайлоочулар менен иш алып баргандардын баары бепкап жана кол каптар менен камсыздалат. Ошондой эле ар бир шайлоо тилкесинде эки медик нөөмөттө турат.

«Стационарларда кошумча керебеттер даярдалат. Кайрылгандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканалардын баары керектүү дары-дармектер менен камсыздалат. Шайлоо тилкелеринде келгендердин дене табы текшерилип турат», - деди министр.

Андан тышкары, Бейшеналиев шайлоо тилкелери дезинфекциялана тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий