• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо 2021: Түштүк Сахалинде биринчи шайлоо участкасы ачылды, учурда 16 өлкөдө добуш берүү жүрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө Түштүк Сахалинде биринчилерден болуп шайлоо участкасы ачылды.

“Түштүк Сахалинде Бишкек убактысы менен саат 03:00дө шайлоо участогу ачылды. Учурда 16 өлкөдө добуш берүү жүрүүдө”, - дейт ал.

Шайлдабекова кошумчалагандай, шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Пикир

Оставить комментарий