• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шайлоо алдындагы жарыш аяктады. Кыргызстанда бүгүн «жымжырттык күнү»

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрь Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”. Бүгүн эртең менен саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.

Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышат.

Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө жана 2435и өлкө аймагында.

Пикир

Оставить комментарий