• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо алдындагы жарыш аяктады. Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрь күнү саат 08:00дө Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» башталды. Ушул сааттан тарта (шайлоого 24 саат калганда) шайлоо жарышына түшкөн партиялардын кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат.

Ошондой эле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКдан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар да үгүт материалдарын чыгара албайт.

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышууда:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

tizme.gov.kg сайтында айтылгандай, алдыдагы парламенттик шайлоого карата 3 млн 523 миң 554 шайлоочу катталган.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкек шаары – 497 миң 692;
- Ош шаары – 179 миң 972;
- Баткен облусу – 284 миң 265;
- Жалал-Абад облусу – 643 миң 774;
- Нарын облусу – 176 миң 202;
- Ош облусу – 682 миң 603;
- Талас облусу – 149 миң 011;
- Чүй облусу – 586 миң 664;
- Ысык-Көл облусу – 290 миң 769;
- Чет жерлерде 32 миң 602 шайлоочу добуш берет.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 474 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого жашы 18ге толгон, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар катыша алат. Шайлоочу өзү катталган шайлоо тилкеси боюнча гана добуш бере алат.

Пикир

Оставить комментарий