• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо босогосун 9дан 7%га чейин төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гульнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.

Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 64 - беренесине өзгөртүү киргизүүгө багытталган. Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине саясий партиялардын өтүүсү үчүн шайлоо тоскоолдугун 9дан 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий