• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо босогосун түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери - Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, алар шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштап жатышат. Негизинен шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.

Ошондой эле азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алган учурда шайлоо күрөөсү кайтарылып берсе, эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий