• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо демократиялуу өттү - Индонезия БШК башчысы

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Кечээ, 15-октябрда КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова менен Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынын башчысы Ариф Будимандын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР БШК басма сөз кызматы билдирди.

“Шайлоо демократиялуу өтүүдө. Биз адамдар кандайча келип жатышканын жана талапкерлер үчүн кантип добуш берип жатышканын көрдүк. Кызматкерлер абдан кесипкөйлүк менен иштешүүдө. Шайлоо ачык –айкын өтүүдө. Кыргызстандын жарандары активдүү жана алар өлкөдө болуп жаткан иштерге кайдыгер эмес. Жалпысынан баары жакшы өтүүдө”, - деп белгиледи ал.

КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова Индонезиянын БШК миссиясына Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоонун натыйжалары жөнүндө айтып берди.

“Жарандарды биометрикалык каттоонун жардамы менен идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу добуштарды саноодо максималдуу тактыкка жетишүүгө шарт түздү. Бул ар бир жарандын добушун эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет жана Конституциялык мыйзамды жана пассивдүү укукту натыйжалуу жүзөгө ашырууга негиз түзөт”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда шайлоо процесстери жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады.

“Сиздердин сапарыңыздар шексиз биздин ортобуздагы карым-катнаш байланыштардын кеңейишине, мындан да активдүү кызматташтыкка умтулууга, демократиялык, таза, эркин шайлоолорду өткөрүүдө тажрыйба алмашууга кызмат кылат. Сиздер билгендей, буга чейин сиз менен шайлоо комиссиялардын ортосундагы келишимге макулдашкан элек. Биз ага кол коюуга даярбыз”, - деди ал.

Индонезиянын БШКнын башчысы Ариф Будиман Н.К.Шайлдабекованы жакынкы мезгилдерде Индонезияда өтө турган шайлоолорго байкоочулук миссиясы менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий