• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларында экиден медик нөөмөттө турат – Шадыханов

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларында экиден медик нөөмөттө турат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов билдирди.

Анын айтымында, добуш берүү күнүндө бардык саламаттык сактоо мекемелери иштейт.

"Шайлоо күнү бардык шайлоо участкаларында эки орто медициналык кызматкер нөөмөттө турат. Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан шайлоо участкаларына жибере албайбыз. Саламаттык сактоо мекемелерине кошумча орундуктар даярдалды. Ошондой эле тез жардам кызматы нөөмөттө турат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий