• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо күнү ӨКМдин куткаруу жана өрт кызматтары жогорку күжүрмөн даярдыкта болушат

Коом 0

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругуна ылайык 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн өткөрүү маалында жарандарды өрт коопсуздугунан камсыздоо, өз учурунда куткаруу иштерин уюштуруу иштеринде жогорку күжүрмөн даярдыкта болушат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шайлоо күнү “112” кызматы жарандардын кайрылуусу боюнча түнү-күнү иштей тургандыгы айтылат.
“КРнын Президентин шайлоо күнүн коопсуз өткөрүү боюнча атайын чыгарылган буйрукта шайлоого даярдык көрүү жана коопсуз өткөрүү чаралары каралган. Ага ылайык атайын жооптуу кызматкерлерден штаб түзүлдү. Штабдын жетекчиси болуп КР ӨКМнин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Болот Аманбаев дайындалды. Андан сырткары министрликке караган бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине шайлоону коопсуз өткөрүү чараларын көрүү боюнча тиешелүү милдеттер жүктөлдү. Ар бир шайлоо участкасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий