• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо күнү өлкө боюнча 12 миң кошуун коопсуздукту көзөмөлдөйт - Кылычев

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Шайлоо күнү 15-октябрда өлкө боюнча 12 миң дружина коопсуздукту көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу жыйында “Элдик бирикмелер кеңешинин” төрагасы Алга Кылычев билдирди.

Анын айтымына караганда, дружиначылардын бардык кыймыл-аракеттери укук коргоо органдары менен макулдашылып турат.

“Ар бир шайлоо тилкесинде күзөтчүлөр турат. Биз учурда тизмени түзүп койдук, бүгүнкү күндө Бишкек боюнча 3,5-4 миң дружиначылар иштеп жатат”,-деди Кылычев.

Анын айтымы боюнча, Бишкекте шайлоо учурунда 3-4-дружиначы шайлоо округдарына үзгүлтүксүз түрдө барып турушкан.

“Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузулган көрүнүштөр болсо, аларды чечүүгө аракет жасашып, шайлоо процессин бузбоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушкан. Бул укук жаатында ИИМдин кызматкерлери үчүн өзүнчө көмөк болот”,-деди ал.

“Коомдук жаштар кеңеш” бирикмесинин башчысы Эрлан Жузуповдун айтымына караганда Кыргызстанда бүгүнкү күндө ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндө мыйзам жок.

Пикир

Оставить комментарий