• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо күнү Ысык-Көлдө коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери камсыздайт

Аймак 0


Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-ноябрда Каракол шаарынын борбордук аянтында КР Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тартылган Ысык-Көл ОИИБдин күчтөрүнүн жана каражаттарынын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гарнизондук бөлүштүрүүгө президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев катышты. Ошондой эле гарнизондук бөлүштүрүүгө Ысык-Көл ОИИБдин, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз РИИБдердин, Каракол ШИИБдин, жол коопсуздугунун, күзөт кызматынын, «Шумкар» атайын багыттынын өздүк курамы, элдик кошундардын мүчөлөрү, автомектептердин курсанттары жана ички иштер органынын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдында, милиция кызматкерлеринин коомдук коомсуздукту камсыздоо боюнча даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Гарнизондук бөлүштүрүүдө, өздүк курамга нускамалар берилип, шайлоо мезгилинде коомдук тартипти сактоодогу укуктары жана милдеттери жеткирилди. Облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо мамлекет президенти Садыр Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан коюлган талаптарды аткаруу милдеттерин белгилеп кетти. Ошондой эле, мыйзамдуулуктун сакталышын, ар бир мыйзам бузуу боюнча түшкөн маалыматтарга ыкчам жана тез чара көрүүгө өзгөчө көңүлдү бурду.

Иш-чарада сөз алган президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, алдыда келе жаткан шайлоо, мурдагы жылдардагы шайлоодон айырмаланып, жаңы багытта өтө тургандыгын белгиледи. Ошондуктан, аткаруу бийлик тарабынан административдик ресурстарды колдонуу жана башка мыйзамсыз аракеттерди көрүү жолдорун четке чыгаруу боюнча бардык тийиштүү чаралар турмушка ашырылып келгендигин маалымдады.

«Биздин алдыбызда, таза шайлоону өткөрүү милдети турат. Ошондуктан, ушул иш-чарада катышып жаткан ар бир милиция кызматкери, коомчулуктун өкүлдөрү өзүңүздөрдүн барандуу салымыңыздарды кошот деп ишенемин», - деп, белгиледи Кожоев.

Шайлоо күнү облустун аймагында коомдук коопсуздукту 800дөн ашык милиция кызматкери камсыз кылат, анын ичинен шайлоо участтокторунда 500 тартип сакчысы кызмат өтөшөт. Укук коргоо кызматкерлеринен сырткары, коомдук тартипти сактоого 600дөн ашык эркин элдик кошундардын мүчөлөрү жана 220га жакын ички иштер органынын ардагерлери дагы тартылат.

Пикир

Оставить комментарий